«Акылбек Кемелов Мариповго: «10 жансакчыны жаӊыӊызга эмнеге алып жүрөсүз? Жөнөкөй болуп эл аралаӊыз!

Министрлер кабинетинин төрагасы жөнөкөй болуп эл аралап элдин маселесин жакындан билиши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Кемелов Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Сизди дайыма 10 жан сакчы коштоп жүрөт . Анча адамды эмне кыласыз? Жөнөкөй болуп эл аралап элдин көйгөйүн жакындан билип таанышпайсызбы? Самолетто катардагы эл менен эле учсаӊыз болбойбу? Аймактарга чыксаӊыз жан -жөөкөрлөруӊуз менен жүрөсүз. Илгери Султан Сулайман деле жөнөкөй кийинип алып эл кыдырчу экен. Сиз да ошондой кылыӊыз. Элге жалгыз чыга албасаӊыз биз менен барыӊыз», — деп кайрылды депутат Кемелов Мариповго.

Оз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мыйзам боюнча анын коопсуздугун камсыз кылуу учун жан сакчылар каралгандыгын эгерде мыйзам жол берсе өзү жалгыз эл аралаганга даяр экендигин билдирди.

«Акылбек Канатбекович сиз Кудай деген адамсыз мен дагы Кудай деген адаммын. Мен деле катардагы адаммын жалгыз өзүм деле жөө эле жүргөм. Мен деле ошол убакытты сагынам. Бирок мыйзамда менин коопсуздугум үчүн жан сакчылар каралган экен. Мыйзам менен алып койсоӊуздар мен өзум эле жалгыз жүрүүгө даярмын», — деди Марипов.

Эскертке кетсек, парламент жыйынында депутаттар Министрлер кабинети менен биргеликте учурда өлкөдө орун алган суу таӊсыздыгын талкуулап жатышат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X