"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров: 2022-жыл өлкөнүн тарыхында Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара сызыгы толук аныкталган жыл катары калат

2022-жыл өлкөнүн тарыхында Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара сызыгы толугу менен аныкталган жыл катары калат. Чек араларыбыз 200 миң 105 чарчы километрге чейин кеңейди. Баарыбыз коңшулар менен чыныгы, жылуу жана достук мамиледе боло турган күндү күттүк. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Жалпыбыз үчүн чоң сыноо болгон Баткен окуяларын татыктуу өттүк. Биздин күчүбүз, биздин ынтымагыбызда! Элден 386 млн сом чогулса, мамлекет калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү каражаттарды табууга жетишти. Азыр сапаттуу үйлөр салынууда. Кечээ дагы 30 үйдү пайдаланууга бердик, жалпысынан 45 үй толук бүттү. Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында, 80-90% жумуштар аткарылган. Ьашкысы тынчтык болсун», — деди Акылбек Жапаров.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!