Акылбек Жапаров казино ачылса бир жылда канча киреше түшөрүн айтты

22-июнь, 2022-ж. / Редакция / Саясат 56

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында оюн-зоок иши жөнүндөгү мыйзамдын долбоору каралууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин өкмөт 123 млрд сомдук антикризистик пакет кабыл алганын белгиледи.

“Анын ичинде оюн-зооктон каражат алабыз деген эсептөөлөр менен келип сиздердин алдыңыздарда отурабыз. Эртерээк мыйзам долбоорун колдоп берсениздер, быйыл 1 млрд сомдон 2 млрд сомго чейин киреше алабыз”, — дейт ал.

Казиного уруксат берүү мыйзам долбоору кабыл алынып калса, оюн-зоок жайына чет элдик жарандар гана киргизилип, Кыргызстандын жаранына кирүүгө тыюу салынат.

22-июнь, 2022-ж. / Редакция / Саясат 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X