Акылбек Жапаров кызматтан кетти. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү эмне болот?

16-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, министрлер, мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматын улантып жатышат. Өкмөттүк курам отставкага кетпей турганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров кызматынан бошотулганы бүгүн, 16-декабрда белгилүү болду. Бул кызматты убактылуу Адылбек Касымалиев аткарат.

16-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X