Адамдын акылдуулугу, интелекти IQ тест аркылуу эле текшерилбейт,- дешет психологдор. Акылдуу адамдар адистердин айтымында өзгөчө мүнөздөргө ээ болушат. Алардын негизгилери менен таанышып алыңыздар.
Акылдуу адамдар менен сүйлөшкөндө конкреттүү маселелер туурасында гана кеп болот. Алар убакытты ушак-айыңды сүйлөшүп өткөргүлөрү келбейт. Жалгыз болгондон коркушпайт. Акылдуулар өзү-менен өзү калган адамдын иши жакшы жүрүшөт деп билишет. Акылсыздар достору менен шапар тепкенди жактырышат. Социологиялык сурамжылоолор акылдуу инсандардын социалдык тармактарда көп отура бербегендигин аныктаган. Бардык жакта тең салмактуулукту жактырышат. Алар ишеними менен акылын дайыма тең салмакта алып жүрүшөт. Өтө ишенип алуу сезимдеринен алыс. Логикалык анализ жасап, ой жүгүртүүсүн кеңейтишет. Майда нерселерге маани берет. Бардык мамилелерге так болуп, сезимдери менен да эсептешкенди унутпайт.
Акылдуу адамдардын көбү көп тил билишет.Архитектор менен үйлөр жөнүндө, малчы менен мал, сүрөтчү менен чыгармачылык тууралуу гана сүйлөшөт. Башталган ишти аягына чыгарат. Башына көп маалымат топтобойт. Керек эмес маалыматтарды тез эле унутат. Акылсыздар бардык маалыматтарды жыйнап, алардын арасынан байланышты издеп убакыт коротушат. Эч нерсеге шашып баа бербейт. Чечим чыгарбайт. Сын айтпайт. Бир эле пикирди карманат. Бирок, башкалардын пикирин да угат. Көп сүйлөбөйт. Тамашалашып сүйлөшө алат, атаандашпайт, урушпайт, сөз талашпайт. Кино, сериал көрүүдө этият болот. Өзүнө керек эмес кинолорду көрбөйт. Тандоону туура жүргүзөт. Өсүштү каалайт Ката кетиргенден коркпойт. Ар бир катадан сабак алат. Ойду бир маселеге гана топтойт. Чар-жайыт ойдо болбойт. Бардык адамдарга ачык болбойт. Айрымдар менен сүйлөшпөй коё алат. Өзүнө ишенет Катасын мойнуна алат, өзүн алдабайт.