"Эркин-Тоо"

АКЫЛДЫН КҮЧҮ, КОЛДУН УЧУ МЕНЕН ЖАНЫҢДЫ БАК

Жакында эле мекендешибиз, киберспортсмен Бакыт Эмилжанов ойногон команда байге фонду 18,8 млн долларды түзгөн Dota 2 компьютердик оюну боюнча эл аралык турнирде экинчи орунду ээледи. Экинчи орун үчүн командага тийчү үлүш 2,4 млн долларды түздү. Киберспортсмен деген ким? Бул компьютердик оюндардын жекече жана командалык мелдешинин оюнчусу же электрондук спорт. Ал онлайн жана офлайн режиминде да өтө берет. Ал эми электрондук коммерцияны жакшылап өздөштүргөндөр дүйнөдө эле эмес, бизде дагы ойго келбеген кирешелерди таап жатышат.

Бүгүнкү күндө виртуалдуу дүйнө реалдуу турмуш менен тең адымдап, уламдан-улам адамды өз кучагына көбүрөөк тартып барат. Виртуалдуу дүйнө дегендин өзү компьютердик технологиянын негизинде программалоо аркылуу түзүлгөн жасалма дүйнө десек болот. Виртуалдуу дүйнө оюндар менен эле чектелбейт. Бүгүн онлайн конференция же соцтармактардагы чаттарда баарлашуу сыяктуу технология жетишкендиктери эч кимге жаңылык эмес. Интернет, компьютердик технология адамдын мүмкүнчүлүктөрүнүн географиясын чектебей бир мамлекетте жашап, башка мамлекетте иштеп, жашоосун тың кылгандарга да жол ачты. Азыр Кыргызстанда туруп америкалык компанияда иштеп, чоң акча таап жаткан мекендештерибиз бар. Же болбосо Кыргызстанда жашап Россиянын Валберис соода аянтында интернет аркылуу товар сатып, чоң кирешелерди алып жаткан мекендештерибиздин саны да күн санап арбып барат.

БИР ЭЛЕ САЛЫК РЕЖИМИ: ЖҮГҮРТҮҮДӨН 2%

Жакында Бишкекте электрондук коммерция боюнча экинчи форум өттү. Учурда кыргыз жарандары да электрондук коммерция менен шугулданып, эл аралык ири соода аянттарында интернет соода кылууну мыкты өздөштүрүп жатышат. Кыргызстандын электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Куренкеевдин маалыматына ылайык Кыргызстан бул тармактын өнүгүүсү боюнча дүйнөдө 97-орунда турат. Биринчи форумдан берки бир жыл аралыгында республикабызда электрондук коммерция боюнча фундаменталдуу кадамдар жасалды. Биринчи кезекте “Электрондук коммерция жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынды. Атайын салык режими кабыл алынып, электрондук коммерция бизнесинин өкүлдөрү жүгүртүүдөн 2% гана салык төлөп, кошумча нарк, сатуудан жана пайдага салык төлөөдөн бошотулган. Ал эми өткөн айда Министрлер Кабинети электрондук коммерциянын өнүгүү программасын бекитти.

Электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн бизде мыйзамдык негизде бардык шарттар түзүлдү, эми иштөө гана керек. Иштөө үчүн адамдын жеке табити, кардар эмнени каалайт мына ушуну таба билүү да маанилүү. Мен билген бирөө дизайнын өзү иштеп чыгып 200 спорт костюмун биздин кийим тигүү цехтеринде эле тиктирип, Россиянын интернет платформасында дээрлик сатып бүттү. Учурда санкцияларга байланыштуу Россияда кийим-кече жана башка товарларга суроо-талап чоң. Андыктан өзгөчө Валберис интернет соода аянтчасы аркылуу соода кылуу ыңгайы келип турат. Ал үчүн Валберис интернет платформасына тиешелүү төлөмүн төлөп, каттоодон өтүп иш баштай берсе болот.

ТАНДОО ДАЙЫМА БАР

Айбек Куренкеевдин маалыматына таянсак, азыр биздин жарандар үчүн электрондук коммерция кылуу үчүн Валберистен тышкары америкалык Амазон интернет дүкөнүнө да катталуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары Европа аймагын кучагына алган Озон интернет дүкөн платформасы менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок дүйнө чөлкөмүн камтыган интернет дүкөндөрүнө катталып, биз кардарларга өз өндүрүшүбүздөн эмне сунуш кыла алабыз? Менимче, бул ойлончу маселе. Азыркы учурда бул тармакта иштеп жаткан бирин-экин адамдардан кызыгып көрсөк кытай товарлары менен соода кылып жатышканын айтышты. Мунун келечеги канчалык, аны болжоп айтуу кыйын. Антсе да электрондук коммерция кардарларга каалаган сайтын карап, тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Бир эле товарды бир канча адам сатса да кардар өзүнө туш келгенин сатып алат.

ЭЛЕКТРОНДУК КОММЕРЦИЯ – БУЛ ЭКОНОМИКА

Бүгүнкү күнү электрондук коммерция дүйнөлүк экономиканын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Жылдан-жылга керектөөчүлөрдүн интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүүсү өсүүдө. 2012-жылы эле электрондук коммерция көлөмү дүйнө жүзү боюнча 1 триллион долларды түзүп, андан кийин улам туруктуу өсүш сакталууда. Президенттик Администрациянын саясий жана экономикалык иликтөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исановдун электрондук коммерция боюнча экинчи форумдагы маалыматы боюнча азыр дүйнөдө электрондук коммерциянын көлөмү 23 триллионду чапчыйт. Кыргызстанда бул тармак акыркы бир жылда эле жандана баштады. Адистер алдыдагы эки жылда бул тармакта дүркүрөп өсүүнү күтүп жатышат. Мисалга айтсак, Американын калкынын күнүмдүк тиричилик товарларын керектөөгө кеткен чыгашасынын 60%дан ашыгы электрондук соодага туура келет. Улуу Британия, Германия, Франция жана башка өнүккөн өлкөлөрдүн калкынын турмушунда да электрондук коммерция бараандуу орунду ээлейт. Россияда электрондук коммерция көлөмү 2012-жылы эле 10,3 млрд еврону түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 35%га өскөн. Бул сандар электрондук коммерциянын өнүгүү мүмкүнчүлүгүнүн көрсөткүчү боло алат.

Албетте, электрондук экономика бир эле соода дегендик эмес. Электрондук экономикага компьютердик түйүндөр аркылуу которуу жолу менен ишке ашкан бардык финансылык жана соода операциялары кирет десек болот. Учурда интернет аркылуу дизайн, Ютуб каналдар, реклама, архитектура, киноматография жаатында да акча таап жатышат. Булар дагы электрондук коммерциянын бир бөлүгү. Интернет бүгүн эмне болбосун соода кылууга же киреше табууга шарт түзгөн эбегейсиз чоң океан сыяктуу.

ДЕҢИЗГЕ ЖОЛУБУЗ ЖОК ДЕБЕГИЛЕ

Санариптештирүү жана электрондук соодага Улуттук өнүгүү стратегиясынын 2018-2040-жылдарга карата программасында артыкчылыктуу орун берилген. Биз ушуга чейин өсүп-өнүгүүбүз үчүн жаратылыш ресурстарыбыз аз, деңизге чыга албайбыз деп келдик. Мына эми алдыбызда океандай чалкыган электрондук дүйнө ачылып жатат. Бул чек ара менен чектелбейт, деңизге чыкчу жол да кереги жок. Таланттуу, компьютерди “чаккан”, мезгил талабын илгиртпей аңдай билгендер үчүн бакубаттуулукка жеткирчү ушундай кыска жол бар. Бүгүн мына ушул жолдо жүргөндөр келечектин экономикасына чыйыр салып, кийинки муун үчүн түптөп жатышат. Электрондук коммерция форумунда Алмаз Исанов “табигый ресурска бай өлкөлөр туруктуулукту салттуу экономикага басым жасоо менен сактай алышы мүмкүн. Алар үчүн электрондук коммерция ашкере байлык, а биз үчүн бул жашап кетүүнүн жолу. Бизге өсүшкө жетүү үчүн санарип жана креативдүү экономика эң төтө жол. Эгерде салттуу экономикада өсүштүн эң жогорку чеги 6-7%ды түзсө, санарип жана креативдүү экономикада анын чеги жок, 30-50%га чейин өсүш берет”, — деп белгиледи.

МАКСАТТАР ЧАКЫРАТ

Электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн анын логистикасын жолго салуу керек. Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Куренкеевдин айтымында биздин интернет соода “оюнчуларынын” чыгымын азайтуучу Электрондук коммерция паркын түзүү боюнча ири бир долбоор даяр. Анда “Манас” аэропортуна жакын жерде каалаган ишкер өз товарын талапка ылайык оротуп, каалаган транспорту менен кардарга салып жиберчү кампа куруу каралган. Анын баштапкы инвестициясы 20 млн доллар, азыр стратегиялык инвестор издеп жатышат. “Бул кампа Амазон, FedEX сыяктуу гигант компаниялар менен иштеп, бүт аймакты тейлеген ири бөлүштүрүүчү-кампа хаб болсо дейбиз. Бизде ыңгайлуу саясий жайгашуубуз, өнүккөн интернет, инфраструктура бар. Биз ушундай демилгени өзүбүзгө алып, аны жылдыруу үстүндө иштейбиз”, — дейт ассоциация башчысы.

Санариптештирүү биздин турмушубузга уламдан улам көп кирип, коом үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат. Жакынкы эле мезгилде электрондук коммерция биздин ишкерлер, товар өндүрүүчүлөр үчүн глобалдуу соода түйүндөрүнө чыгуусуна шарт түзөөрүндө күмөн жок. Ал гана эмес бүгүн эле ар бир жаран тигил бул интернет платформаларда соода жасоо менен кошумча кирешелерди таба алат. Же интернет оюндарын ойноп Бакыт Эмилжановго окшоп олуттуу киреше табууга да болот. Кыскасы, азыр биз чынында эле фантастикалык дүйнө ачылчу эшиктин алдында турабыз. Ал эшикти ачып кирген адам гана виртуалдуу дүйнөнү колу менен кармап, даамын сезе алат.

Бегим ТУРДАЛИЕВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!