Акыркы үч айда 18 миңден ашуун ККМ аппараты коюлду

6-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 35

Өлкөдө ушул жылдын үч айында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасы менен 18 миңден ашык субъект контролдук-кассалык машинаны колдонууга өттү. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын башынан бери салык кызматы тарабынан чарбалык субъекттердин контролдук-кассалык машиналарды колдонуусу боюнча белгиленген иштер жүргүзүлдү.

«Азыркы учурда республика боюнча 45 миң 35 контролдук-кассалык машина колдонулат. Анын 22 миң 173 – аппараттык ККМ, 22 миң 862 – программалык ККМ. Мамлекеттик салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү субъекттерди катталуу жана контролдук-кассалык машиналар менен иштөө үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына кайрылууга чакырат», — дейт Кыдыргычов.

Салык кызматы учурда эки типте – аппараттык жана программалык ККМ колдонуларын белгилейт.

Аппараттык ККМ – бул онлайн режиминде маалымат берүү модулуна ээ болгон фискалдык эс тутуму бар кадимки кассалык аппарат. Бул ККМди техникалык тейлөө борборлорунан сатып алууга болот.

Ал эми программалык ККМ – смартфонго, планшетке же компьютерге акысыз орнотулган тиркеме түрүнө ээ жана аппараттык ККМ үчүн эң жеткиликтүү альтернатива болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек принтерин сатып алуу ишкерге жетиштүү. Программалык ККМ Play Маркет («Онлайн ККМ» тиркемеси) аркылуу смартфонго акысыз орнотулат.

Мындан тышкары,» Керемет банк», «РСК банк» жана «Айыл Банк» заманбап ККМди POS орнотулган терминалы менен акысыз беришет.

6-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X