Акыркы 9 ай ичинде насыяны эң көп Бишкектин тургундары алган
Кыргызстандагы микрокредиттик уюмдар 2025-жылдын январь–сентябрь айларында жарандарга 63 млрд сомдон ашык насыя беришти.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 9 ай ичинде жалпы 797 миңден ашык адам микрокредит кызматтарынан пайдаланган.
Насыяны эң көп Бишкектин тургундары алган. Алар 32,5%ды түзөт. Андан кийинки орундарда Ош — 16%, Жалал-Абад — 13% жана Чүй облустары (11%) турат.