Акыркы коңгуроо онлайн өтөт
2020-2021-окуу жылынын соңуна чыгып баратканына байланыштуу, салтанаттуу иш-чаралар онлайн негизинде өтөт. Тагыраагы, 25-майда мектептерде маданий кечелер өтпөйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мындай чечим эпидемиологиялык абалга карата кабыл алынган.