Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. “25-майда ар бир район, шаарлар 15 мүнөттүк майрамдык программа даярдап, видеого тартып, бизге жөнөтөт. Бул программалар 25-майда Илим-билим каналынан көрсөтүлөт”,-делет маалыматта. Акыркы коңгуроо салтанаты былтыр да пандемия шартында онлайн өткөрүлгөн. 2020-2021-жылкы окуу жылынын аякташы да пандемия шартында белгиленмекчи.