“Акыркы коңгуроого” карата коопсуздук чаралары күчөйт

23-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 248

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн “Акыркы коңгуроо” аземине байланыштуу өлкө аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бүтүрүү иш-чараларын өткөрүүдө ата-энелерден жана бүтүрүүчүлөрдөн акча чогултууга тыюу салынат. Ошондой эле мектептен тышкаркы кошумча кечелерди уюштурууга, фейерверк жана жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт.

Мындан тышкары, жашы жете элек бүтүрүүчүлөрдүн автоунаа башкаруусуна жол берилбей турганы эскертилди.

ИИМдин маалыматына караганда, “Акыркы коңгуроо” күнү жана ага чейинки, андан кийинки күндөрү жаратылышы кооз аймактар, көл жээктери, кафе-ресторандар, түнкү клубдар жана негизги автоунаа жолдору күчөтүлгөн милициялык көзөмөлгө алынат.

Мекеме мектеп жетекчилерин, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын так сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Расмий маалымат боюнча, быйыл өлкөдө 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктаса, 9-классты бүтүрүп жаткандардын саны 136 миңге жакын.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X