Акыркы суткада өлкөдө 8 өрт катталды

9-январь, 2023-ж. / Редакция / Кырсык 56

Бүгүн, 9-январга караган сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Бир суткада куткаруучулар 4 чакыруу боюнча жардам көрсөттү. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болгон.

9-январь, 2023-ж. / Редакция / Кырсык 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X