Акысыз интернетке кызыккан жарандар алдамчылардын тузагына түшүп калышы мүмкүн
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды акысыз спутниктик интернетке туташтыруу шылтоосу менен жасалган интернет-алдамчылыктан сак болууга чакырды.
Алдамчылар WhatsApp аркылуу акысыз интернет сунуштаган жалган билдирүүлөрдү таратып, интернеттин ылдамдыгын жогорулатат деген шылтоо менен зыяндуу APK-файлдарды жөнөтүшүүдө. Мындай файлдарды орнотуу жеке маалыматтардын уурдалышына жана банктык тиркемелерге уруксатсыз кирүүгө алып келиши мүмкүн.
ИИМ белгисиз адамдар жөнөткөн файлдарды орнотпоону, шектүү шилтемелерге кирбөөнү жана жаңы кызматтар тууралуу маалыматты расмий булактардан гана тактоону сунуштайт.