Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча финалга чыкты.
Махмудов 77 кг салмактан мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Алгач ал ирандык Ареф Мозафарга кез келип, аны 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Жарым финалда Акжол Махмудов кореялык Ким Хён У менен килемге чыгып, балбанды 4:1 эсебинде жеңип финалга чыкты.
Финалдык беттеште кыргызстандык балбан казакстандык Максат Ережеповго каршы күчүн сынайт.
Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан катышууда.