Ала-Арча паркынан түшкөн киреше 4 эсеге өстү

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56

2022–2025-жылдары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын кирешеси туруктуу өсүп, 65,8 миллион сомдон 262,7 миллион сомго жетип, дээрлик төрт эсеге жогорулады.

Президенттин иш башкармалыгы бул өсүштү санариптештирүүнүн киргизилиши, башкаруунун ачыктыгы жана туристтик инфраструктуранын активдүү өнүгүшү менен байланыштырды.

Маалыматка ылайык, паркта жаңы коттеждер, мейманкана, мончо комплекстери жана ресторандар курулуп, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрү кеңейди, ал эми 2024-жылы «Тёплые ключи» комплекси парктын балансына өткөрүлүп, экологиялык жана ден соолукту чыңдоочу туризмди өнүктүрүүгө шарт түзүлдү. Ошондой эле жакын арада асма жол ишке киргизилип, родельбандын курулушу уланууда.

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X