“Ала-Арчада” 732 метрлик айнек асма көпүрөнүн курулушу ноябрда башталат

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрөнүн курулушу 2026-жылдын ноябрь айында башталат. Долбоорду 2027-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бул тууралуу Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин европалык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда көпүрөнүн курулуш долбоору талкууланып, адистер менен биргеликте курулуш жүргүзүлө турган аймак каралды.

Долбоор ишке ашса, көпүрө дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө болуп, аны Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү пландалууда.

Мындан тышкары, Тепши платосунан Теке-Тоо тоосуна жана шаркыратмага чейин экологиялык жөө жүрүү жолун уюштуруу каралууда.

Белгилей кетсек, буга чейин “Ала-Арча” жаратылыш паркында асма жол пайдаланууга берилип, эс алуу үйлөрү курулган. Учурда беш жылдыздуу мейманкананын курулушу аяктоо алдында турат.

Бул долбоорлор парктын туристтик инфраструктурасын кеңейтүүгө жана жергиликтүү, чет өлкөлүк туристтер үчүн жаңы эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган.

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X