Ала-Арчада мыйзамсыз аңчылык аныкталып, 12,5 миң сом айып пул салынды

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 84

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд жүргүзүштү.

Рейд учурунда жырткыч куштарды кармоо үчүн тор орнотуп, жем катары көгүчкөндөрдү пайдаланып жүргөн жарандар аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык, 12 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле бир тор алынып, жем катары колдонулган 10 көгүчкөн эркиндикке кое берилди. Рейддин жүрүшүндө жырткыч куштар табылган жок.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын жана жапайы жаныбарларды коргоо багытындагы рейддерди улантарын билдирип, жарандарды экологиялык мыйзамдарды сактоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X