«Ала-Тоо» аянтына шаардын көркүн ачкан 190 миң гүл отургузулду

11-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 63

«Ала-Тоо» аянтына шаардын көркүн ачкан 190 миң гүл отургузулду. Бул тууралуу Мэриянын  маалымат кызматы билдирет.

Шаардын көркүнө көрк кошкон бул эмгектин ээси «Тазалык» ишканасы жана анын кызматкерлери.
Маалыматка караганда, учурда гүлзарларда көз жоосун алган кызгылт сары тагетес, көк агератум, георгин, цинерария, кочкул кызыл колеус, ак алиссум, кызыл сальвия жана башка дагы көп гүлдөр бар.
«Урматтуу шаардыктар, сураныч, гүлдөргө аяр мамиле кылгыла. Эгерде уурдагандарды көрүп калсаңар, милицияга кабарлоону суранабыз», — дешет мэриядан.
Мындан сырткары, эгерде гүлдөрдү уурдап, үзүп, жулуп кетсе деп 10 миңге чукул  кошумча көчөт даярдалганын маалымдашты.
11-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X