Ала-Тоо аянтында жаңы желек салтанаттуу көтөрүлдү

8-январь, 2024-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 34

 Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңы желек салтанаттуу көтөрүлдү. Аземге Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

2023-жылдын 22-декабрында Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КР мамлекеттик символдору жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  мыйзамга кол койгон.

Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

8-январь, 2024-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X