Алагөзов: Жарандарга 5000 сомдон берилет деген маалымат жалган

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат боюнча билдирүү жасады.

Анын айтымында, Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстандын жарандарына президент Садыр Жапаровдун атынан 5000 сомдон акчалай жардам берилери тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Алагөзов бул маалымат президенттин атын пайдаланып, пайда көрүүнү көздөгөндөрдүн аракети экенин белгиледи.

Ошондой эле билдирүүдө көрсөтүлгөн шилтеме расмий мамлекеттик ресурс эмес экени айтылды. Тийиштүү органдар аталган ресурс боюнча иш алып барууда.

Жарандарга жалган маалыматтарга ишенбөө жана белгисиз шилтемелер аркылуу жеке маалыматтарын киргизбөө эскертилди.

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X