Алайда эки айылды сел суулары каптады

25-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 31

Алай районунун Тогуз-Булак жана Биринчи май айылындарында турак үйлөрдүн короосун, ички-чарбалык жолду сел каптады.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки айылды 25-апрель күнү саат 09:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары каптаган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Алай районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

25-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X