Алдамчылар жарандарды кандай жолдор менен тузакка түшүрүүдө?
Ички иштер министрлиги жарандарды телефон жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык аракеттеринен сак болууга чакырды. Алдамчылар адамдардын ишенимине кирип, банк карталарынын маалыматтарын, SMS-коддорду жана акча каражаттарын алуу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонуп жатышат.
ИИМдин маалыматына ылайык, кеңири тараган алдамчылыктын түрлөрүнүн бири телефон чалуулар. Белгисиз адамдар өздөрүн милиция кызматкерлери же банк өкүлдөрү катары тааныштырып, жарандардан банк картасынын маалыматтарын, сыр сөздөрүн жана SMS аркылуу келген коддорду сурашат.
Ошондой эле социалдык тармактарда арзан товарларды, оңой кирешени же чоң утуштарды сунуштап, алдын ала акча которууну талап кылган интернет-алдамчылык учурлары кездешет. Мындан тышкары, кыска убакытта жогорку киреше табууну убада кылган каржы пирамидалары да акчадан ажырап калуу коркунучун жаратат.
Алдамчылар тааныштардын же белгилүү адамдардын сүрөттөрүн жана ысымдарын колдонуп, жасалма аккаунттар аркылуу акча сураган билдирүүлөрдү да жөнөтүшү мүмкүн. Мындай учурда акча которуудан мурда ал адам менен түз байланышып, маалыматты тактоо сунушталат.
ИИМ жарандарга банк картасынын маалыматтарын, SMS-коддорду жана сыр сөздөрдү эч кимге бербөөнү, шектүү шилтемелерге кирбөөнү жана ар кандай сунуштарды кылдат текшерүүнү эскертет.
Алдамчылыкка туш болгон же шектүү аракеттерди байкаган жарандар 102 кыска номери аркылуу милицияга кайрылса болот.