Алиев атасынын дүкөнү боюнча түшүндүрмө берди
Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев депутат Элвира Сурабалдиеванын сын-пикирине үч жумадан кийин жооп берди. Ал атасына таандык дүкөндүн тарыхын айтып, объекттин документтерин укук коргоо органдары текшерип жатканын билдирди.
Алиев түшүндүрмөсүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Эске салсак, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Бишкек мэриясынын вице-мэрлери кармалып жатканда Рамиз Алиев эмне себептен кызматын улантып жатканын сураган. Ошондой эле ал тиешелүү органдарды вице-мэрдин мүлкүн текшерүүгө чакырган.
Депутат Алиев кызматка келгенден кийин муниципалдык объектилердин ижарага берилиши, ижара акысынын көлөмү жана шаардык бюджетке түшкөн каражаттар тууралуу маалымат алуу кыйындаганын айткан.
Буга жооп берген вице-мэр сөз болуп жаткан дүкөн атасына таандык экенин билдирди. Анын айтымында, атасы соода жайын 2001-жылы сатып алган. Ал кезде Алиев мектеп окуучусу болгон. Башында чакан дүкөн болгон объект кийин бир нече жолу кайра курулган.
Ошондой эле дүкөнгө жанаша жайгашкан муниципалдык жердин болжол менен 8 чарчы метрин атасы 2016-жылдан бери мэриядан ижарага алып келген. Ал жерде дүкөнгө чыгуучу тепкич жайгашкан. Вице-мэр ижара акысы үзгүлтүксүз төлөнүп келгенин белгиледи.
Кийинчерээк үй-бүлөсү тепкичти бузуп, муниципалдык жерди бошотууну чечкен.
Алиевдин маалыматына караганда, учурда укук коргоо органдары объекттин документтерин, анын ичинде мүлктүн мыйзамдуу таризделишин жана салыктардын төлөнүшүн текшерип жатышат.
Вице-мэр эгер анын катышуусунда туугандарына же тааныштарына бир дагы муниципалдык же мамлекеттик жер, павильон, аялдама же башка объект берилгени далилденсе, жоопкерчилик алууга даяр экенин билдирди. Мындай фактылар аныкталса, эл алдында кечирим суроого да даяр экенин кошумчалады.