«Өлбөсөм, сүйлөп берем»… Роза Айтматованын жүрөккө батпаган арманы
Султан Раевдин эскерүүсү
Акыркы жолу Роза эже менен телефондо сүйлөштүм. Бир аз сыркоолоп жатканын үнүнөн сездим. “Ооруп жатасызбы? “ — деп суроого батына албадым. Ооруп жаткан адамга кайрадан оорусу тууралуу сүйлө анын түйшүгүн жеңилдетпейт. Мурдалары да сураганымда эже “Эми карылык да…” кыска жооп берер эле… Эжеге кубанычты кабарды угузуп коёюун деп, “ Роза эже 2028-жылды түрк дүйнөсүндө Айтматов Жылы деп жарыялап жатабыз дедим” Эже адаттагыдай эле акырын унчукту . “ Султан, Чыңгыз акемин мааракелери өтүп жатат… Атам Төрөкулдун атын элге өзүм каалагандай чыгаралбай койдум. Бир арманым ушу… Мен өтүп кетсем, ким ойлойт экен а жөнүндө…” деп терең үшкүрүнүп алды… “ Эже, баягы экөөбүздүн сөзүбүздөн кийин, түрктөр Төрөкул Айтматов жөнүндө даректүү фильмди баштаганы турат…Сценарийн мен жаздым… сиздин сөзүңүз фильмдин өзөгү болот, жакында барып тартышат. Сүйлөп бересиз…” дедим. Эже ошондо кыска жооп берген эле. “Өлбөсөм сүйлөп берем …” деди. Ушу жерден экөөбүздүн кыска сөзүбүз үзүлгөн…
Тагдырдын жазмышы…эже бүгүн о дүйнө салды…
Акыркы жолу эженин көзүнө, айтматовдордун ааламы менен арманы баткан көзүнө батынып карадым эле. Бу көз Төрөкулдун өлгөнүн укканда көз жашка толду эле, Нагиманын актыкка баш урганында “апалап” какшады эле, эжеси Люциянын ажалга баш урганын көтөрө албай кан какшап зарлады эле, кенже агасы Илгиздин жоготуусун да арманы ичке батпай жан какшап алды эле…
Агасы Чынгыз өткөндө ааламы көчүп, дүйнөсү өчкөн көзундө …Бу көздөр… Роза Айтматованын көзү . Айтматовдордун жоготуусун, качандыр бир убакта апасы Нагима кандай көтөрсө, Роза Айтматова да ошондой көтөрүп келди… Анын арманы кылымды карыткан Арман!…
Коош, Роза эже айтматовдордун татыктуу тукуму!..