«Алматы-Бишкек-Алматы» авиакаттамы жумасына 12 жолу аткарылат

1-марттан баштап «Алматы-Бишкек-Алматы» аба каттамы жумасына 12 жолу аткарылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэпрорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин «Эйр Астана» авиакомпаниясы аталган багыт боюнча каттамды  жумасына 7 жолу аткарып келген.

Учактар Бишкектен Алматыга дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума жана ишембиде күнүнө эки жолу каттайт.

Каттамдар жана авиабилеттер тууралуу маалыматты «Манас» — 0 312 693109, «Ош» — 0 3222 90101 номерлери аркылуу алса болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X