Алмаз Бакетаев: Мугалимдердин айлыгы 80 пайызга жогорулайт
Билим берүү жаатында эмгектенген мугалимдердин айлыгы 80 пайыз жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Финансы министри Алмаз Бакетаев Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди.
Министр учурда каржы булактары каралып жатканын айтты.
«Айлык акыны жаңы система менен эсептеп чыкканда, стажы жок, жаңы иштей баштаган мугалимдер колуна 20-21 миң сомдон айлык ала башташат», -дейт Бакетаев.