Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы боюнча президент кандай пикирде?
Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министрлигинин кармалганынан кабардар, деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
«Аталган иштин ар тараптуу иликтениши камсыз болот», — деди ал.
Эскерте кетсек, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кечээ пара алып жаткан жеринен кармалган.