"Эркин-Тоо"

Алмазбек ИСТАМБАЕВ: «АЛЫМБЕК ДАТКА МЕНЕН КУРМАНЖАН ДАТКА» ОПЕРАСЫН ДАЯРДАП ЖАТАБЫЗ»

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын генералдык директору Алмазбек ИСТАМБАЕВ

— Алмазбек мырза, театрдын репертуарында канча кыргызча чыгарма бар?

— Кыргыз тилиндеги операларга көрөрмандар өтө аз келет. Көрүүчүлөр залы 840 адамга ылайыкташылган болсо, кыргыз тилдүү көрөрмандар эң көп келгенде эки жүз-үч жүз адам болот. Анткени, биздин жарандар операга кызыкпайт. Совет мезгилинде жашап калган бир ууч интелллигенция гана кызыкдар. Чындыгында, кыргыз операсы аксап жатат. Болгону, үч опера болсо, аны бош залга кайталап коё бергенде эмне? А орус тилиндеги операга орустар ж.б. улуттун өкүлдөрү кызыккандыктан көрүүчүлөр арбын. Балет коюлганда зал көп толот. Тили бий болгондуктан, кандай өлкөдөн келсе дагы түшүнөт. Буга чейин кыргыз тилинде “Айчүрөк”, “Ак мөөр”, “Аста, секин колукту” аттуу үч опера, кыргыз чыгармаларынан “Саманчынын жолу”, “Чолпон” деген эки балетибиз коюлуп келди. Андан сырткары, Айтматовдун “Атадан калган туяк” аттуу чыгармасынын негизинде белгилүү композитор Турдубек Чокиев либретто жазган. “Атадан калган туяк” операсын жана жаш ырчы кызыбыз Нурчолпон жаштарга ылайыктуу “Ай, тентек” деген сонун музыкалык спектакль жазган экен, ушул эки чыгарманы коштук.

— Кыргыз көрөрмандарын кызыктырып, тартыш үчүн кандай иш-аракет жасап жатасыздар?

— Милдеттүү түрдө кыргыз көрөрмандарын тартышыбыз керек. Эгер өз жарандарыбыз операга келбесе, түшүнбөсө анда ким келет? Учурда улуттук чыгармаларды жандандыруу үчүн Совет доору урагандан бери коюлбай келе жаткан “Манас” операсын сахналаштыруунун алдында турабыз. “Манас” операсын кытайлар коюп келгенде экспрезидент Сооронбай Жээнбеков “биз “Манасты” тезинен сахнага алып чыгышыбыз керек” деп чечим чыгарган. Бирок, каражат бөлүнө электигине байланыштуу токтоп турат. Артисттер даяр, арияларды ырдап жүрүшөт. Ал эми “Айчүрөк” операсы беш жылдан бери сахнага коюла элек болчу, былтыр көрөрмандарга тартууладык. Дагы бир жакшы жаңылыгыбыз, “Алымбек датка менен Курманжан датка” операсын даярдадык. Азыр каражатты гана күтүп жатабыз. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Аскарович улуттук чыгармаларды жайылтуу үчүн он миллион сом бөлүп беребиз деди. Буйруса, каражат бөлүнсө эле аталган чыгармаларды сахнага алып чыгабыз.

— “Айчүрөк” операсы эмне себептен беш жыл сахнага чыкпай калды?

— Бул операнын автордук укугу Абдылас Малдыбаевдин уулу Болот Малдыбаев атабызда экен. Операга кие турган костюмдарды, декорацияны “башка улуттукуна окшоп калыптыр” деп уруксат берген эмес экен. Бул нерсе мен жетекчиликке келе электе болгон. Былтыркы жылы кийимдерди, декорацияны кайра даярдап, Болот атаны чакырып көрсөттүк. Операны койгонго макулмун деп, батасын бергенден кийин гана көрөрмандарга тартууладык.

— “Алымбек датка менен Курманжан датка” операсын даярдап жатканыңыздар чындыгында кубана турган жаңылык экен. Бул идеянын келишине эмне себеп болду?

— Бул темага башкы сүрөтчүбүз Марат Шарафидиновдун идеясы менен кайрылып калдык. Кийимдердин кынтыксыз тигилишин көздөп, сүрөтчүлөр атайы Алайдагы музейге барып, Алымбек датка, Курманжан датка жашап турган доордогу кыргыз кийимдеринин эскизин чийип, ар бир деталына чейин сүрөткө тартып келишти.

— Бизде Т.Абдумомунов атындагы драма театр менен А.Малдыбаев атындагы театр “улуттук” статусту алып жүрөт. Жакында эле маданият ишмерлеринин бир өкүлү жаңы жылдан кийинки репертуарыңыздарда жалаң орус тилиндеги опералар коюлуп, кыргыз чыгармалары жок экендигине нааразы болду. Себеби эмнеде?

— Академиялык драма театры менен бизди салыштырууга болбойт. Драмалык театрыбыз көбүнесе кыргыз чыгармаларына кайрылса, биздин миссия элге дүйнөлүк чыгармаларды жайылтуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө улуттук чыгармалар менен репертуарды байытканга бел байлап, реформа жасаганга аракет кылып жатабыз. Аткара турган ишибиз абдан көп.

— Балдарга арналган кыргыз тилиндеги чыгармаларды коюу максатыңыздар барбы?

— “Айчүрөк” операсын 45 мүнөттүк кылып кыскартып, “Манас” күнүнө карата балдарга коюп бердик. Мындан ары да ушундай ыкма менен иштеп, улуттук чыгармаларыбызды жайылтууну көздөп жатабыз. Андан сырткары, көп учурда мамлекеттик расмий иш-чаралар филармонияда өтөт. Мындай иш-чаралар биздин имаратта өтсө, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды тартуулайбыз деп Президенттик аппаратка сунуш кылдык. Ошондуктан башка өлкөлөрдүн президенттери катышкан иш-чара биздин театрда өттү. Биз “Айчүрөк” менен “Акмөөр” операларын коюп бердик. Соңунда Маданият министри Алтынбек Максүтов операнын режиссёрдук жагына жаңы чыгармачылык мамиле керек экендигин айтты. Мезгилдин талабы ушундай болуп турат. Азыр дүйнөдө бир тренд жүрүп жатат, операны койгонго драмалык режиссёрду чакырып жатышат. Совет мезгилиндегидей ырчыларды эстеликтей тургузуп коюп ырдаткан доор өттү. Биз дагы мезгилдин жаңыланган тарабынан артта калбашыбыз керек.

— Жаңы жылга карата чыгармачылык чоң максаттар коюлуп жатса керек?

— Быйыл Кудай буйруса Москвага гастролго чыгабыз. Орус мамлекеттик академиялык башкы театр бизге бир жумага бекер берилип жатат. Эгер даярдап үлгүрсөк “Манас” операсы менен барабыз. Москвада 1939-жылы өткөн декада “Айчүрөк” операсы менен ачылып, кыргыз маданияты дүйнө элине даңаза болгон. Ал тарых кайталанышы керек деп ойлойм.

Афина БАКИРОВА
№5 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!