Алтын менен күмүш кымбаттады

15-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 72

Алтын менен күмүштүн дүйнөлүк базардагы баалары тарыхый рекорддорду жаңылады. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, соода жүрүшүндө алтындын баасы 0,9 пайызга өсүп, унциясы 4628,75 доллардан жогорулады.

Ошол эле учурда күмүштүн баасы 3,6 пайызга жогорулап, унциясы 90,04 долларды түздү. Натыйжада күмүш тарыхта биринчи жолу унциясына 90 долларлык чектен ашып, күн ичинде 91,55 долларга чейин жетти.

Эксперттердин айтымында, дүйнөдөгү геосаясий тобокелдиктердин күчөшү инвесторлордун коопсуз активдерге болгон кызыгуусун арттырып, баалуу металлдардын кымбатташына шарт түзүүдө.

15-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 72
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X