Алтындын баасы тарыхта биринчи жолу 5200 доллардан ашты
Соода платформаларынын маалыматына ылайык, алтындын баасы дүйнөлүк базарда тарыхый рекордду жаңыртты.
Бишкек убактысы боюнча саат 7:52ге карата Нью-Йорктогу Comex биржасында алтын фьючерстеринин баасы 133,90 долларга же 2,61 пайызга өсүп, бир троя унциясы үчүн 5254,50 долларды түздү.
Муну менен баалуу металлдын баасы тарыхта биринчи жолу 5200 долларлык чекти ашты.
Адистердин айтымында, эгерде эл аралык чыңалуу, санкциялар жана сооданын глобалдашуусу күчөсө, алтындын баасы келечекте дагы өсүшү мүмкүн.