АЛТЫНГА КАЙТУУ КҮЧӨДҮ
Дүйнөлүк экономикадагы туруксуздук, геосаясий чыңалуулар жана инфляция ири капитал ээлерин коопсуз активдерге кайрылууга мажбурлоодо. Ушундай шартта гонконгдук белгилүү инвестор, миллиардер Чеа Ченг Хай өзүнүн байлыгынын төрттөн бир бөлүгүн алтынга салды. Бул чечим рыноктогу олуттуу жышаан катары кабыл алынууда.
Инвестор алтынды кыска мөөнөттүү киреше булагы катары эмес, капиталды сактап калуучу негизги курал катары көрөт. Анын пикиринде, валюталар кунун жоготуп, акциялар туруксуз болуп турган учурда алтын өз баасын салыштырмалуу туруктуу сактайт. Мындан улам ири инвесторлор гана эмес, көптөгөн мамлекеттер да алтын резервдерин көбөйтүп жатышат. Ал сунуштаган портфель түзүмүндө алтынга өзгөчө орун берилет. Бул диверсификация тобокелчиликти азайтып, каржылык коопсуздукту камсыздоого жардам берет.
Мындай тенденция кыргызстандыктар үчүн да маанилүү. Дүйнөлүк экономикалык туруксуздук шартында бардык каражатты бир валютада же бир гана активде сактоо коркунучтуу. Алтын — узак мөөнөттө акчаны сактап калуунун ишенимдүү жолу. Айрыкча куйма же алтын буюм түрүндө сакталган алтын инфляциядан коргоп, күтүүсүз жагдайларда коопсуз «каржылык жөлөк» боло алат. Гонконгдук миллиардердей болуп, алтынга инвестиция салуу — бул байлардын гана тандоосу эмес, бул акчаны сактап калууну ойлогон ар бир адам үчүн пайдалуу чечим. Ошондуктан мүмкүнчүлүккө жараша алтын сатып алып, сактап коюу кыргызстандык мекендештер үчүн да туура жана акылга сыярлык кадам болуп саналат.
Акча эмгек менен гана табылат. Аны туура сактай билсек, эртеңки күнүбүз ишенимдүү болот. Көпчүлүк учурда колдогу акчаны жөн эле коротуп жибербей, кантип сактоо жана көбөйтүү керек деген суроону ойлой жүрүшүбүз керек.
Акчаны сактоонун эң туура жолу аны алтынга айландыруу. Алтын көп жылдан бери өз баасын жоготпой келген ишенимдүү байлык болуп эсептелет. Акчанын наркы түшүп кетиши мүмкүн, ал эми алтын көп учурда тескерисинче улам кымбаттап олтурат. Алтындын дагы бир жакшы жагы, ал инфляциядан коргойт. Башкача айтканда, баалар өсүп жаткан учурда да алтындын баасы кошо өсүп, акчанын кунун сактап калууга жардам берет. Ошондуктан көптөр алтынды “коопсуз байлык” деп эсептешет. Албетте, бардык акчаны эле алтынга айландыруу шарт эмес. Бир бөлүгүн алтын түрүндө сактап коюу – эң туура чечим. Бул келечекке кам көрүү, тобокелчиликти азайтуу.
Алтындын кандайын алган пайдалуу?
Шакек, сөйкө, билерик — кайсыл эл болбосун байыртан колдонулуп келген баалуу буюмдар. Алар күнүмдүк турмушта тагылат, белек катары берилет, мураска калтырылат. Бул жагынан алганда алтын буюмдар ыңгайлуу жана ар дайым өтүмдүү. Керек учурда сатып жиберүүгө да болот. Бирок акча сактоо жагынан алганда бул буюмдардын кемчиликтери бар. Аларды сатып алууда баанын ичинде зергердин иштетүү акысы кошулат. Сатканда болсо бул кошумча акча эсептелбейт. Мындан тышкары, зер буюмдар көбүнчө 585 пробада болуп, таза алтындын үлүшү аз болот. Натыйжада, акчаны узак мөөнөткө сактоо жагынан алганда пайдасы төмөн.
Ал эми куйма алтын таптакыр башка максатты көздөйт. Ал адатта 999 пробада болуп, дээрлик таза алтындан турат. Куйманын баасы дүйнөлүк алтын рыногуна түз байланыштуу жана иштетүү акысы жок. Ошондуктан ал инфляциядан коргонуу жана акчаны узак мөөнөткө сактоо үчүн пайдалуу. Куйма алтындын негизги кемчилиги — күнүмдүк турмушта колдонулбайт жана коопсуз сактоону талап кылат. Бирок бул кемчилик анын негизги артыкчылыгын — акчаны сактоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Адистердин айтымында, тандоо адамдын максатына жараша болушу керек. Эгер максат — көрк, салт-санаа, белек же колдонуу болсо, алтын буюмдар ылайыктуу. Ал эми акчаны сактоо, инфляциядан коргонуу жана келечекке кам көрүү болсо, куйма алтын алда канча пайдалуу.
Куйма алтынды кантип туура сактайбыз?
Куйма алтынды сатып алуу менен иш бүтпөйт. Аны туура сактоо да өтө маанилүү. Анткени сактоо эрежелери бузулса, алтынды кийин сатууда кыйынчылыктар жаралышы же баасы төмөндөп кетиши мүмкүн. Эң биринчи туура эреже — куйма алтынды документтери менен кошо сактоо. Алтын алынганда берилген чек, сертификат жана заводдук таңгак (пломбаланган кап) сөзсүз сакталууга тийиш. Айрыкча таңгакты ачпоо сунушталат, анткени ачылган куйма рынокто арзаныраак бааланат же такыр кабыл алынбай калышы мүмкүн. Куйма алтынды сактоонун бир нече жолу бар. Айрымдар аны үйдө сактайт. Бул учурда бекем сейф колдонуп, сейфти көзгө көрүнбөгөн, коопсуз жерге орнотуу зарыл. Ошондой эле алтын бар экенин ашыкча адамдарга айтпоо коопсуздук үчүн маанилүү. Үйдө сактоо ыңгайлуу болгону менен, уурдалуу коркунучу бар экенин эске алуу керек.
Эң коопсуз ыкмалардын бири — банктагы сактоочу ячейка. Бул ыкма уурдалуу коркунучун азайтып, алтынды узак мөөнөткө тынч сактоого шарт түзөт. Кемчилиги — ай сайын акы төлөнөт, бирок коопсуздук жагынан алганда бул чыгым акталат. Куйма алтынды сактоодо дагы бир маанилүү жагдай — аны бузбоо. Куйманы бөлүп, сындырып же чийсеңиз, сатууда баасына терс таасирин тийгизет.
Жыйынтыктап айтканда, куйма алтынды туура сактоо — акчаны сактоонун маанилүү бөлүгү. Документтери менен, таңгакты бузбай, коопсуз жерде жана узак мөөнөткө сакталган алтын гана өз максатын толук аткарат. Алтын — бул каржылык коопсуздук. Аны сактай билүү акчаны сактаган менен барабар.
Бактыгүл Кулатаева