Алыкул мажар тилинде

12-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67

Кыргыз, орус, англис тилинде Памирбек Казыбаев түзгөн Алыкул Осмоновдун “Ысык-Көл толкуну” жыйнагы Мажарстанда кыргыз-венгер тилинде “Көл толкуну” аталышында чыкканы эки өлкөнүн адабий байланышынын соңку жаңылыгы – 12-декабрдагы Алыкулду эскерүү, Айтматовдун туулган жана жалпы жазуучулардын, кыргыз адабиятынын күнүнө арналган руханий белек болуп калды.

Котормочу Даут Кара Шомфаи буга чейин Чыңгыз Айтматовдун “Кайрылып куштар келгенче” аңгемесин, “Чыңгыз хандын ак булуту” повестин жана “Манас” эпосунун 20 миң сабын (Б.Жакиев боюнча) которгон. Котормонун редактору Аида Памирбек кызы буга чейин “Айтматовго Мажарстандын урмат сыйы” адабий-публицистикалык жыйнагын түзгөн.

Памирбек Казыбаевдин айтымына караганда Алыкулдун поэзиядагы Акбоз аты Россия Федерациясындагы бизге тектеш элдерге да чабыла баштамакчы. Ал эми Кытайдагы кыргыз элчилигине Осмоновдун 145 беттик ырлары уйгур тилине которулуп, араб тамгасында терилип, Кытайдагы кыргыз окурмандарына китеп түрүндө чыгаруу үчүн жөнөтүлгөнүнөн да жыйынтык күтүлүүдө.Айтмакчы, үч тилдеги жыйнагы 2022-жылы эле КЭРдин Бишкектеги элчилигине кытай тилине которуу боюнча сунушталып берилген.

12-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X