"Эркин-Тоо"

Алыстагы Арбындын алгылыктуу аракеттери

“Ааламга жол айылдан башталат” деген сөздү мына ушул Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Арбын айылындагы Арбын орто мектебинин жогорку деңгээлдеги билим көрсөткүчү далилдеп турат.

Аталган билим уясы 1934-жылы негизделген. Башында Ленин атындагы толук эмес орто мектеп болгон. Кийин, 1993-жылы ага атайын айылдын аты коюлган. Бүгүнкү күндө орто мектепте 646 окуучу билим алууда. Ал эми 54 мугалим уядан мыкты улан-кыздарды учуруп, талыкпай эмгектенип келет.

“Саяпкери жарашса чобурдан күлүк тапталат” демекчи, мектепке 2008-жылдан тарта Орозмамамт кызы Айганыш директор болуп дайындалып, жаш, жигердүү жетекчинин аракети оң натыйжасын берди. Ошол күндөн бери директор жалпы окутуучулар менен биргеликте билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө тынбай иш алып барып келе жатат. Буга далил катары жыл сайын предметтик олимпиадаларда, ар кандай сынактарда жана ЖРТ боюнча Арбын орто мектеби район боюнча алдыңкы орундарды камсыздады.

Арбын орто мектебинде мугалимдердин дээрлик көпчүлүгү жаш кадрлар менен толукталган. Алар өз билимдерин өнүктүрүү максатында жыл сайын семинарларга, тренингдерге катышып турат. Мунун негизинде мугалимдер окуучулар үчүн тажатма эмес, кызыктуу, ар тараптуу сабактарды өтүүгө күч жумшайт. Мугалимдер жамаатынын бул аракетине жараша окуучулар да ЖРТда артта калбай, 191, 187, 182, 165 деген жогорку упайларды алууга жетишти. Бул көрсөткүч бир нече жылдан бери кайталанууда.

Арбын орто мектебинен билим алып жаткан окуучулардын ата-энелери да ыраазы. Алар баарын мугалимдерге гана жүктөп койбостон мектеп менен тыгыз байланышта болуп, балдарынын сабактарына катышып, өздөрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын айтып турат.

Дал ушул кичинекей айылдагы кичинекей мектептен билим алып, кийин мамлекетибизге ар түрдүү тармактан ак эмгеги менен кызмат кылган улан-кыздарыбыздын катары арбып бара жатат.

“Мугалим – күзгү сыяктуу. Коомчулук мугалимдерге карап түздөнүп, оңдонот эмеспи. Андыктан, бул кесип – ардактуу, сыймыктуу да, жоопкерчиликтүү, татаал да.

Эң негизгиси, биз тарбиялап, билим берип жаткан окуучуларыбыз келечекте эл-жерине кызмат кылган, билим-илимге сугарылган ыймандуу, адеп-ахлактуу жаштардан болсун деген аруу тилектебиз” – дейт өз сөзүндө мектептин директору Орозмамат кызы Айганыш.

Эмне дейбиз, “Жакшы тилек – жарым ырыс” демекчи, алыстагы тээ кичинекей айылдын орто мектебинин ири ийгилиги көңүл кубантат. Мындан аркы багыты да байсалдуу болуп, көп жетишкендиктерге ээ боло берсин дегибиз келет.

Медер АДЕНОВ

Пример HTML-страницы