Америкалык Condé Nast Traveler журналы Караколго баа берди
Америкалык Condé Nast Traveler журналы Каракол — Борбор Азиянын саякат борбору деп жарыялады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Ошентип, Ысык-Көлдүн бермети — Каракол – аталган журналдын «2025-жылы барчу 25 мыкты жер» тизмесине кирди. Авторлор аны «Борбор Азиядагы кызыктуу саякаттардын борбору» деп аташкан.
Эмне үчүн Каракол?
Теңир-Тоонун сүрдүү тоо кыркасынын этегиндеги Каракол жылдын бардык мезгилинде жигердүү эс алууну жактыргандарды өзүнө тартып турат:
- жайында — жөө жүрүштөр, кайыкта сүзүү, ат минүү жана параплан менен уча берүү;
- кышында — эң сонун лыжа жолдору жана көздүн жоосун алган карлуу көрүнүштөр.
«Каракол» лыжа базасы деңиз деңгээлинен 1,8 миля бийиктикте жайгашкан жана Борбор Азиядагы эң бийик курорт болуп саналат. «Үч чоку» деп аталган жаңы лыжа базасы лыжачылар менен сноубордчулардын сүйүктүү жайына айланат деп күтүлүүдө.