Амур Айба президенттикке талапкерлигин көрсөттү
Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырды.
БШКнын маалыматына ылайык, ал шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катышуу ниетин билдирген.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.