Apple кайрадан дүйнөдөгү эң кымбат бренд аталды

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Brand Finance уюмунун Global 500 – 2026 баяндамасына ылайык, Apple дүйнөдөгү эң баалуу бренд катары биринчи орунду сактап калды. Компаниянын бренд наркы 607,6 млрд долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу өстү.

Экинчи орунда Microsoft (565,3 млрд доллар), үчүнчүдө Google (433,1 млрд доллар) жайгашты. Алдыңкы ондукка ошондой эле Amazon, Nvidia, TikTok, Walmart, Samsung, Facebook жана State Grid кирди.

Рейтингде эң көп бренд АКШга таандык — 500 бренддин 192си америкалык компаниялар. Андан кийин Кытай, Япония, Франция, Германия жана Улуу Британия турат.

Дүйнөдөгү эң баалуу 500 бренддин жалпы наркы бир жылда 10 пайызга өсүп, 10,4 трлн долларды түздү. Эң ири өсүш Revolut компаниясында катталса, эң чоң төмөндөө Teslaда байкалды.

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X