Араванда 10 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 113

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жыйындар залында кубаттуулугу 10 МВт болгон күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйынга «Солар Энерджи Араван Групп» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.Нет описания фото.
Жыйында Араван районунун Октябрь айылында пландалып жаткан күн электр станциясынын долбоорунун учурдагы абалы, жер тилкеси жана уруксат кагаздарын тариздөө маселелери талкууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүл долбоордун энергетикалык коопсуздук жана инвестиция тартуу жаатындагы маанисин белгилеп, аны өз мөөнөтүндө ишке ашыруу үчүн тиешелүү органдарга тапшырма берди.

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 113
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X