Араванда пахта терүү иштери башталды

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 123

Ош облусунун Араван районунда пахта терүү кызуу жүрүп жатат. Быйыл райондо пахта 1 252 гектар аянтка айдалып, дыйкандар түшүм жыйноого киришти.

Жергиликтүү дыйкандардын маалыматына караганда, быйыл пахтадан түшүм мол болуп, айрым талаалардан гектарына 60–70 центнерге чейин түшүм алынууда. Райондо негизинен кытайлык «Элита» сортундагы пахта өстүрүлүп, дыйкандар анын түшүмдүүлүгүнө басым жасоодо.

Заманбап технологиялар — түшүмдүүлүктүн негизги факторлорунун бири. Пахта өстүрүүдө сууну үнөмдөөчү технологиялар, анын ичинде тамчылатып сугаруу системасы кеңири колдонулууда.

 Түшүм жыйноо маалында пахта терүүчү комбайндар да ишке тартылууда. Бул ыкма кол менен терүүгө салыштырмалуу убакытты жана чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.Возможно, это изображение текст

Жыйналган пахта жергиликтүү пахта кабыл алуучу ишканаларга өткөрүлүп, андан ары Кытай, Иран, Россия жана башка өлкөлөргө экспорттолот. Пахтанын баасы дүйнөлүк рыноктогу бааларга жараша аныкталат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги пахта өндүрүүчүлөрдү колдоо, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана заманбап технологияларды жайылтуу багытындагы иштерди улантууда. Дыйкандарга түшүм жыйноо мезгилинде уюштуруучулук жана консультациялык жардамдар көрсөтүлүүдө.

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 123
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X