23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү
Быйыл кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алганына 37 жыл болду. Эске салсак, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылдын 23-сентябрында берилген. Ошондон бери бул дата өлкөдө майрам катары белгиленип келет. Быйыл да адаттагыдай бала бакчадан тарта мамлекеттик мекемелердин баарында тил майрамы өткөрүлөт. Конференциялар, иш-чаралар болуп, тилдин улуктугу жана мааниси тууралуу сөз болот…
Мыйзам талаасында
37 жыл чынында аз убакыт эмес. Бул жылдар аралыгында тилди өнүктүрүү боюнча бир топ ири долбоорлорду ишке ашырууга болмок эле. Бирок, тилдин мыйзамдуу талаада өнүктүрүү маселеси өтө жай жүрүп келди. Акыркы 10 жылдыкта гана кыргыз тилинин чөйрөдө колдонулушун өнүктүрүүгө багытталган бир топ иштер аткарылды. Эң негизгиси мамлекеттик тилдин укуктук макамы бекемделди. Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик тил катары бекитилди. Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган мыйзамдар кабыл алынып, мамлекеттик органдарда, билим берүү системасында, иш кагаздарында кыргыз тилинин колдонулушуна талаптар коюлду.
Ошондой эле Президент Садыр Жапаров БУУнун трибунасында кыргыз тилинде доклад окуп, эл аралык аренада мамлекеттик тилде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү тилибизге болгон мамиленин өзгөчөлүгүн белгилейт.
Тил саясаты үчүн олуттуу бурулуштардын бири 2023-жылы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы болду. Жогорку Кеңеш мыйзамды 2023-жылдын 31-майында кабыл алып, Президент Садыр Жапаров ага 17-июлда кол койгон. Жаңы мыйзам мамлекеттик тилди колдонуу тартибин кеңейтип, мамлекеттик тил саясатынын укуктук негиздерин бекемдеди.
Мыйзам боюнча кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары колдонулушу мамлекеттик органдар менен чектелбейт. Ал жергиликтүү бийлик органдарында, сот өндүрүшүндө, укук коргоо органдарында, билим берүүдө, илимде, маданиятта, ЖМКда, китеп чыгарууда, жарнамада, коомдук иш-чараларда, транспортто жана керектөөчүлөрдү тейлөөдө колдонулууга тийиш эле. Ошондой эле компьютердик программалардын жана веб-сайттардын интерфейстеринде мамлекеттик тилди колдонуу каралган.
2025-жылы мамлекеттик тилди колдонууга байланыштуу айрым конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана мүчөлөрү, соттор, прокурорлор жана башка бир катар мамлекеттик кызматкерлер үчүн кыргыз тилин билүүгө байланышкан талаптар белгиленген. Жогорку Кеңештин жыйындарында отчётторду кыргыз тилинде берүү керек деген талаптар коюлуп да жатты. Ошондой эле жарнаманын кыргыз тилиндеги тексти тил мыйзамдарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык болушу керектиги бекитилип, мамлекеттик тилдеги телерадио берүүлөрдүн минималдуу көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керек деген норма киргизилген.
Санариптешүү
Андан тышкары, тил саясатын санарип форматка өткөрүү аракети көрүлүп жатат. Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн «Кыргызча оңой/Easy Kyrgyz» тиркемеси ишке киргизилген. Улуттук комиссиянын маалыматына караганда, кыргыз тилинин жазуу эрежелери жана тыныш белгилери боюнча 160 инфографикалык видео даярдалган. 2024-жылы салык, медицина, курулуш, ички иштер, биология, философия, статистика жана башка тармактар боюнча 10 терминологиялык сөздүк жарык көргөн. Мына ушул сыяктуу иштерди кыргыз тилинин кадырын, макамын, баасын көтөрүүгө жасалган мыкты жумуштар десек болот. Албетте, ал өз жемишин берет. Мисалы, азыр бардык мамлекеттик кызматкерлер “Кыргыз тесттен” сынак тапшырышып, көпчүлүгү тилди билүүнүн тиешелүү даражасынан өтө албай кулап, тил үйрөнүүгө мажбур болуп жатышат. Азыр ошентип мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча расмий статистика да жүргүзүлүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча мамлекеттик органдардагы документтердин 70 пайызы кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатканы айтылган.
Коомчулук кайдыгер эмес экен
Ушул жылдын жай айларында тил маселесине байланышкан дагы бир көйгөй талкууга түштү. 2026-жылдын 25-июнунда «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери» деген республикалык илимий-практикалык конференция өткөн. Андан кийин коомдук талкууга жаңы эрежелердин долбоору чыкты. Долбоордо кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшү, алфавити, төл жана өздөштүрүлгөн сөздөрдүн жазылышы сыяктуу маселелер камтылган. Бирок, бул долбоор коомчулукта талкуу жаратты. Эсиңиздерге салсак, аталган долбоордо “э” тамгасын алып салуу же “е” тыбышына алмаштырылышы боюнча маселе козголуп, коомчулук ал тургай Президенттик Администрация да ыкчам билдирүү тараткан. Тилге болгон мындай ыкчам реакция албетте кубандырат. Анткени эл көйгөйгө кайдыгер карабай турганын билдирди.
Жазгүл Кенжетаева
P.S. Журналист катары чет мамлекеттерге барып, дүйнөнүн ири державаларында, калкы көп жана экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө болгонумда жергиликтүү тилдин коомдук жашоодогу ордуна көңүл бурам. Мисалы, өз тилинде сүйлөп, ырдаган, тилин жайылтууга аракет кылган түрк же кытай, орус улутундагыларды көргөндө чынында суктанам. Алардын өлкөсүндө өз тили кадырланарын көргөндө демек, улут өз тилин сактаганда гана өз жүзүн сактай алат экен деген ой келет. Тил жөн гана сүйлөшүү каражаты эмес, элдин тарыхын, дүйнө таанымын, маданиятын жана эс тутумун алып жүрө турганын түшүнөм.