Сулайман Рысбаев, профессор: Китеп коммерциясы токтошу керек
Педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев 1–4-класстар үчүн кыргыз тили, «Алиппе» жана «Адабий окуу» китептеринин автору. Учурда дал ушул китептердин тартыштыгы жаралып, айрымдары базарларда сатылып жатканы тууралуу маалыматтар тарап жаткандыктан, биз китептердин автору Сулайман Рысбаевге кайрылып, бир нече суроо узаттык.
— Сулайман Казыбаевич, сиз учурда башталгыч класстардын окуу китептеринин негизги авторлорунун бирисиз. Учурда дал ошол китептер мектептерде жетишсиз болуп, базарларда сатылууда. Ал китептердин автору катары базарда сиздин авторлугуңуздагы канча китеп сатылып жаткандыгынан кабарыңыз барбы?
— Жок, учурда базарда менин авторлугумдагы канча китеп сатылып жаткандыгынан кабарым жок. Биз окуу китебинин кол жазмасын Агартуу министрлигине тапшырабыз. Албетте, китепке автордук укук алынат. Бирок аны министрлик качан чыгарат, кандай кылып таратат бул министрликтин жумушу. Азыр базарларда китеп коммерциясы күчөдү. Ушул көрүнүштү токтотуу керек. Өткөн окуу жылында да китеп көйгөйлөрү көтөрүлүп, мен автордук укугумду коргоп министрликке кайрылгам. Алар ИИМге, прокуратурага кайрылышты. Бирок жайма базарлардагы китептердин сатылышын токтото алышкан жок. Китептердин кайсы басмаканалардан басылып чыгып, мыйзамсыз тарап жатканын аныктоо оңой эмес.
— Эмне үчүн 3-класстын кыргыз тили китеби тартыш болуп жатат? Анан да сиздин авторлугуңуздагы 3-класстын окуу китебинен эле үч түрү бар экен. Себеби эмнеде?
— Бул маалыматты сиз кайдан алдыңыз?
— Өтмөктөрдө сатылып жатканын көрдүк.
— Маселе мына ушул жерде. Ал китеп көп жылдан бери түрдүү басмаларда, түрдүү мукабалар менен чыгып келген. Бүгүнкү күндө да аларды ар түрдүү көмүскө басмалар чыгарып, сатып жатканы менен түшүндүрсөм болот. Ушул жылы 11 жылдык жана 12 жылдык окуу системасында 3-класска 200 миңге жакын окуучу келди. Мындай шартта менин китебим эле эмес, 3-класстын көпчүлүк китептеринде тартыштык жаралышы мүмкүн.
— Көйгөйдү кантип чечүү керек? Сунушуңуз барбы?
— Министрлик өкмөттүн акчасы менен китепти басып чыгарат. Мен министрлик ички инвесторлор менен, тактап айтканда, айрым жеке басмаканалар менен келишим түзүп, жетишпеген китептерди жетиштүү өлчөмдө чыгарып, арзан баада сатуу боюнча келишим түзүп иштесе, көйгөй азаймак деп ойлойм. Азыр ар басмаканада басылып, китептер мыйзамсыз базарларга тарап жатат. Биздин автордук укугубуз мындай учурда, албетте, бузулат. Анткени, мындай шартта бир эле эмес, бир нече басма ар кандай китептерди көбөйтүп чыгара бериши мүмкүн. Алар бааларды да каалагандай коюшат. Мындайда ата-энелерге балдарына китеп алып берүү, албетте, кыйынга турат.
P.S. Окуу китептеринин авторуна берген суроолорубуз жана анын жооптору бир гана автордун көйгөйүн эмес, бүтүндөй коомдун маселесин көрсөтөт. Эгер китеп көйгөйүн терең изилдей турган болсок, анын артында түрдүү суроолор жана мыйзам бузуулар чыгышы ыктымал. Мамлекет китеп басып чыгарууга каражат бөлөт. Китеп басылат. Бирок, ошол китеп мектепке жетпей, базарда сатылып жатса, системанын кайсы жеринде көзөмөл үзүлүп жатат? Китеп жетиштүү көлөмдө басылып чыкканбы? Басылып чыккан китептер кайсы мекемелерге өткөрүлүп берилген? Мектептерге канчасы жеткен? Канчасы окуучуларга таратылган? Ал эми базардан табылып жаткан китептер кайдан чыккан? — деген суроолорго, албетте, Агартуу министрлиги так жооп бериши керек. Анан да Министрлер Кабинети алдыда жүргүзө турган изилдөөдөн үмүт чоң. Анткени, ата-эне жыл сайын китеп издеп базар кыдырбашы керек. Мамлекеттик каражатка басылган окуу китеби биринчи кезекте мектепке, мугалимге жана окуучуга жетиши шарт.
Жазгүл Кенжетаева