Арслан Койчиев Кытайдын Медиа корпорациясынын директору Шэнь Хайсюн менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 2026-жылдагы Санариптик экономикалык форумунун алкагында Кытайдын Медиа корпорациясынын (China Media Group) директору жана башкы редактору Шэнь Хайсюн менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай маалыматтык, маданий жана гуманитардык кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын кеңири жайылтууга багытталган медиадолбоорлорду ишке ашыруунун, анын ичинде биргелешкен кинодолбоорлорду даярдоо жана тартуу мүмкүнчүлүктөрүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.