Улукбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: Касиеттүү жергебизге түшкөн кут болду…

18-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 289
Парламенттин азыркы чакырылышынан эл өкүлдүк ишмердүүлүгүн баштаган Улукбек Камчибекович тажрыйбалуу кесиптештери сымал мыйзам чыгаруу жаатынан камчы салдырбай, ишти шыр алып кеткенин маектешимдин кесиптештери деле танышпаса керек. Кечээки прокурор, бүгүнкү эл өкүлү менен парламенттин жайкы эмгек өргүүсүнөн соң азын-оолак маектештик. Эмесе, медицина илимдеринин доктору, өлкөбүздүн эмгек сиңирген дарыгери Камчибек Узакбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элмира Жумалиеванын уулунун маегине төмөндө бирге назар салалы.   
– Улукбек мырза, жайы бою эс алуудан тышкары эл менен жолугушуп, шайлоочуларыңыздын көйгөйлөрүн парламентке “артына” келсеңиз керек. Эл өкүлү катары жер-жерлерде калк менен болгон баарлашуулардан кийин шайлоочуларыңыздын кайсы көйгөйлөрү сизди кабатыр кылууда?      
– Туура, эл өкүлү үчүн жайкы өнөктүк эс алуу эмес, калктын турмуш-тиричилигин жеринен көрүп, мүдөөсүн уга турган жооптуу мезгил. Быйылкы каникул учурунда аймактарды аралап, айыл жергесиндеги шайлоочуларыбыз менен кенен жолугушууларды өткөрдүк. Аймактардагы жолугушууларда калк тарабынан бир топ олуттуу суроолор көтөрүлдү. Биринчиден, айылдардагы инфраструктура, экинчиден, дыйкан-фермерлерибизди сугат суу менен өз убагында камсыздоо, айыл чарба продукцияларын сатуу жана кайра иштетүү боюнча түйшүктөр бар. Ошондой эле таза суу көйгөйү, мектеп, бала бакчалардын жеткиликтүүлүгү сыяктуу социалдык суроолор көтөрүлдү. Бул айтылган талаптар менен сунуштардын баарын иреттеп, күзгү сессияда парламенттин трибунасынан өкмөт өкүлдөрүнүн алдына конкреттүү тапшырма катары коёбуз.      
– Парламенттин алдыдагы сессиялык мөөнөтүндө кандай мыйзам долбоорлору менен алпурушууну көздөп жатасыз?   
– Алдыдагы сессиялык мөөнөттө коомдун актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталган бир катар мыйзам долбоорлору менен иш алып барууну пландап жатам. Алсак, укук тартибин бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, жемкорлук көрүнүштөрдү азайтуу боюнча мыйзамдык механизмдерди күчөтүү багытында иш алып баруу жана жарандардын укуктарын камсыз кылуу алдыдагы иш-планымдын негизги бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле иштеп жаткан мыйзамдарды талдап, турмушта көйгөй жаратып жаткан ченемдерди өркүндөтүүгө көңүл бурабыз. Негизги максат — мыйзамдардын кагаз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө жарандарга пайда алып келишин камсыз кылуу эл өкүлү катары айныгыс милдеттеримдин бири болмокчу.
Өлкөбүздө соңку жылдары кеңири кулач жайган масштабдуу ачылыштар, мамлекеттик маанидеги ири иш-чаралар жана өнүгүү саамалыктары боюнча жеке оюңуз кандай? Айрыкча, кичи мекениңиз Таласта жогорку деңгээлде өткөрүлгөн мамлекеттик маанидеги эгемендүүлүк майрамынын масштабы, андагы жасалган иштер сиздин да купулуңузга толдубу?..
– Эгемендүүлүк майрамыбыздын 35 жылдык мааракеси Талас жергесинде белгилениши – бүткүл өлкөбүз үчүн чоң тарыхый окуя жана касиеттүү жергебизге түшкөн зор кут болду. Өлкө жетекчилигинин мындай чечими региондорду өнүктүрүүгө берилген маанилүү импульс экенин баса белгилегим келет. Бул улуу майрамга карата облустун жетекчилиги, мамлекеттик органдар жана карапайым калкыбыз “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, эбегейсиз чоң даярдык менен келгени баарыбызды кубандырып, сыймыктандырды. Көрүп, кадимкидей көөдөн толкуп, көз кубанды. Майрамдык салтанаттар жөн гана сөздө эмес, калктын калың катмарына, келечек муунга кызмат кыла турган реалдуу социалдык жана маданий объекттердин курулушу менен коштолду. Баарынан да улуттук сыймыгыбыз болгон “Манас Ордо” комплексиндеги “Кеңеш Ордо” имаратынын пайдаланууга берилиши кадимкидей руханий дүйнөбүздү байытты. Калкыбыздын эс алуусуна шарт түзгөн Канатбек Нуржанов атындагы сейил бактын жаңыча көрккө келиши, Чыңгыз Ордодогу улуу жазуучубуз, кадимки залкар Чыңгыз Айтматовдун көз кубандырган эстелигинин ачылышы тарыхыбызга жана маданиятыбызга болгон терең таазимдин белгиси. Ошондой эле спортту жана дени сак жашоону колдоого багытталган Талас шаарындагы 5300 орундуу заманбап стадион, билим берүүнүн флагманы боло турган “Акылман” лицейи жана башка көптөгөн социалдык-тиричилик имараттар калкыбызга, жаштарыбызга эшигин ачты. Мындай кеңири масштабдагы инфраструктуралык жаңылануулар Талас облусунун эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикалык потенциалы жогорулап, жаңы өнүгүү нугуна түшкөнүнүн айкын далили. Ылайым, эгемендигибиз түбөлүктүү болуп, касиеттүү Талас жерибизден, берекелүү өлкөбүздөн оомат кетпесин!
Калыгул Бейшекеев
18-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 289
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X