Кыргызстан менен PIOLINK санариптик инфраструктура жана киберкоопсуздук боюнча кызматташат

18-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 246
Кыргызстанда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана киберкоопсуздукту күчөтүү боюнча жаңы кызматташтык башталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен PIOLINK компаниясынын президенти Ян Чхоль Чонун жолугушуусунда сөз болду.

Тараптар заманбап технологияларды киргизүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.

Равшанбек Сабировдун айтымында, санариптик инфраструктура бүгүнкү күндө өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун маанилүү бөлүктөрүнүн бири.Возможно, это изображение отдел новостей и текст

«Биз үчүн алдыңкы технологиялык чечимдерди киргизүү менен гана чектелбестен, санариптик долбоорлорго инвестиция тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү да маанилүү», — деди ал.

Анын белгилешинче, PIOLINK менен кызматташтык Кыргызстандын технологиялык базасын чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Жолугушууда санариптик трансформация жана заманбап технологиялык чечимдерди Кыргызстанда киргизүү мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен PIOLINK компаниясынын ортосунда санариптик инфраструктура жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

18-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 246
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X