Социалдык контракт: 150 миң сомду кимдер жана кантип ала алат?
Кыргызстанда аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган «Социалдык контракт» программасын ишке ашыруу уланууда.
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомуна ылайык, белгиленген талаптарга жооп берген үй-бүлөлөр социалдык келишим түзүүгө укуктуу.
Тактап айтканда, үй-бүлө аз камсыз болгон же жакыр үй-бүлө статусун ырастаган документке ээ болушу керек. Бул социалдык паспорт же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу тууралуу маалымат болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, үй-бүлө программага катышууга макул болуп, бизнес-планын тапшырышы, ошондой эле эмгек жана мүлктүк потенциалга ээ болушу керек.
Программага катышууну каалаган жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына арыз менен кайрылышы керек.
Үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия жүргүзөт. Катышуучуларды, алардын программаларын жана бизнес-пландарын социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия бекитет.
Өтүнмө жактырылгандан кийин үй-бүлөгө өз алдынча ишкердикти баштоо үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет.
Эмгек министрлигинен программага катышуу ыктыярдуу экенин да эскертишти.
Мындан тышкары, жыл сайын социалдык контракттын 1000 катышуучусу өз бизнесин андан ары өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыя ала алышат.
Насыянын өлчөмү 200 миң сомго чейин, мөөнөтү — үч жыл.
Каражатты бизнести же буга чейин социалдык келишимдин каражатына түзүлгөн көмөкчү чарбаны кеңейтүүгө жумшоого болот.
Пайызсыз насыялар «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет.
Насыя алуу үчүн катышуучу ишкердик жүргүзүп жатканын тастыктаган документти — ЖЧКнын (ОсОО) же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу тууралуу күбөлүктү же патентти — тапшырышы керек.