Кыргызстандын алгачкы спутниги октябрда космоско учурулат

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 601

Кыргызстанда иштелип чыгып, чогултулган алгачкы спутник октябрдын биринчи жумасында АКШнын Калифорния штатынан космоско учурулат.

Бул тууралуу 24-сентябрда МинКаб Төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков «Кыргыз Асман» ачык акционердик коомундагы спутник менен таанышуу учурунда билдирди.

Спутникти иштеп чыгуу жана чогултуу иштери Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүзүлүп, ага 2,5 жылдай убакыт кеткен. Учурда аппаратты учурууга чейинки акыркы даярдыктар жүрүп жатат.

Спутник негизинен айыл чарбасын көзөмөлдөө жана талдоо үчүн колдонулат. Анын жардамы менен эгин талааларынын абалын байкоого, кургакчылыктын белгилерин эрте аныктоого жана түшүмдүүлүктү алдын ала баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, спутник аркылуу жайыттарга, мөңгүлөргө, суу ресурстарына жана экологиялык өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүүгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого болот.

Учурда «Кыргыз Асман» ААКда спутниктин негизги бөлүктөрүн чогултуу, электрондук жабдууларды орнотуу жана системаларын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 601
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X