«Арча-Бешикте» 0,6 гектар аянтты ээлеген жаңы эс алуу жайы ачылды
Бишкектин «Арча-Бешик» конушунда тургундар үчүн жаңы коомдук жай ачылды. Шералиев көчөсүндө жайгашкан 0,6 гектар аянтта спорт менен машыгууга, балдардын ойноосуна жана үй-бүлө менен эс алууга бардык шарттар түзүлдү.
Жаңы жайдын ачылышына Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аймакта футбол жана баскетбол аянтчалары, эки воркаут-зона, шахмат ойноочу жай жана балдар үчүн эки оюн аянтчасы курулду. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр жолдоруна таман таш төшөлүп, жарыктандыруу орнотулду. Эс алуучулар үчүн отургучтар жана таштанды челектери коюлду.
Мэр Айбек Джунушалиев мындай коомдук жайлар шаар тургундарынын сергек жашоо образын карманышына жана активдүү эс алуусуна шарт түзөрүн белгиледи.
Көрктөндүрүү иштерин мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзгөн. Ачылыш аземинде тургундар үчүн майрамдык концерт да уюштурулду.
Мындан тышкары, скверди кыдырган мэр Ленин районунун акимине коомдук жайдын айланасындагы жолдорду куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.