Арча-Бешикте жашоочулар үчүн жаңы эс алуу жайы пайда болот

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда тургундардын эс алуусуна жана спорт менен машыгуусуна шарт түзгөн жаңы сквер курулууда.

Жаңы эс алуу жайында балдар үчүн оюн аянтчасы, жаштар үчүн воркаут зонасы жана кичи футбол талаасы каралган.

Долбоордун негизги максаты — конуштун инфраструктурасын жакшыртуу, жашоочулар үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүү жана сергек жашоо образын жайылтуу.

Курулуш иштери аяктагандан кийин сквер жергиликтүү тургундардын үй-бүлөсү менен эс алып, балдары менен убакыт өткөрө турган жайына айланат.

Иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X