"Эркин-Тоо"

“Армениянын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирилип жатат”,- дейт Пашинян

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян, Азербайжан мамлекети Армениянын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирип, эл аралык укуктук нормаларды бузуп жатат, деп билдирүү таратты.

27-май күнү таң эрте Армениянын коргоо министрлигинин берген маалыматында, Азербайжандын аскердик күчтөрүнүн кызматкерлери  Армениянын 6 аскерин барымтага алганы айтылган. Белгилүү болгондой, кармалган аскерлер чек арага жакын жайгашкан  Гегаркуник облусундагы кайтарылган аймактагы Армениянын аскердик бөлүгүндө инженердик иштерди аткарып жатышкан. Ал эми Азербайжандын коргоо министрлиги, барымтага алынган 6 аскер тууралуу билдирүү тараткан маалыматында, кармалган аскерлер чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышты деген айыптаган.

«Чек арадагы бул окуя Азербайжан тараптын аймактык коопсуздукка шек келтирип жатканын айгинелейт. Бул түздөн-түз Армениянын аймактык бүтүндүгүнө жана суверенитетине кооптуу жагдай жаратат «, — деп билдирди Пашинян өкмөттүн жыйынында.  

Эске салсак, буга чейин Армениянын коргоо министрлиги 12-майда билдирүү таратып, анда Азербайжандын куралуу күчтөрү Сюник облусундагы чек арага жакын жайгашкан аймакта “чек араны тактоо” иштерин жүргүзүүгө аракет кылышканы маалымдалган. Бирок, ведомстводон Азербайжандын аскерлери конкреттүү түрдө кандай иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү тактаган эмес.

Айвазян пригласил Лаврова посетить Ереван: глава МИД РФ принял приглашение  | Новости Армении- АРМЕНПРЕСС Армянское информационное агентство

Бул жагдай боюнча Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Армениянын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ара Айвазяндын ортосунда сүйлөшүү болгон. Ал эми Пашинян, РФнын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Сюник облусунда орун алган окуя боюнча ЖККУга кеңеш алуу үчүн кайрылганын билдирген.

Пашинян и Путин обсудили по телефону ситуацию в Нагорном Карабахе -  Панорама | Новости Армении