"Эркин-Тоо"

Армениянын президенти менен премьер-министри Садыр Жапаровду куттукташты

Армения Республикасынын президенти Ваагн Хачатурян жана премьер-министр Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду Армения Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгына байланыштуу куттукташты.

«Акыркы отуз жылдын ичинде биздин мамлекеттердин ортосунда достукка жана элдерибиздин ортосундагы өз ара урматтоого негизделген бекем өнөктөштүк мамилелер түзүлгөнүн кубануу менен белгилейм.

Кызматташтыктын келечектүү багыттарын биргелешип издөө, ошондой эле, белгиленген пландарды жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу эки тараптуу да, көп тараптуу форматта да кызматташуунун потенциалын олуттуу түрдө бекемдейт деп ишенем. Кыргыз-армян мамлекеттер аралык мамилелери үчүн бул маанилүү күнү чын дилимден чың ден соолук жана бардык ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Ваагн Хачатуряндын куттуктоосунда.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өз куттуктоосунда акыркы отуз жылда Армения менен Кыргызстан бардык багыттарда жемиштүү өз ара пайдалуу кызматташууда олуттуу тажрыйба топтогондугун белгиледи.

«Эл аралык бирикмелердин алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүү түзүлдү, жакында экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи отуруму болуп өттү. Биздин элдерибиздин ортосундагы достук жана өз ара урматтоо мамилелери, ошондой эле жигердүү мамлекеттер аралык диалог жана натыйжалуу кызматташуу Армения менен Кыргызстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу күн тартибин ырааттуу бекемдөөгө жана кеңейтүүгө мындан ары да көмөктөшөт деп ишенем», — деп айтылат билдирүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!