Арслан Койчиев: Көчмөндөр тарыхын өз алдынча илимий багыт катары өнүктүрүү керек

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 152

Көчмөндөр тарыхын өз алдынча илимий багыт катары өнүктүрүп, анын академиялык ордун бекемдөө зарыл. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев эл аралык илимий конференцияда билдирди.

Анын айтымында, көчмөн цивилизациясын тарыхый көрүнүш катары гана эмес, Евразиянын жана жалпы адамзаттын өнүгүшүнө таасир эткен өз алдынча цивилизациялык феномен катары изилдөө керек.

Койчиев Евразиялык көчмөнчүлүктүн дээрлик 30 кылымдык тарыхы бар экенин белгиледи.

Мамлекеттик катчы окумуштууларды көчмөндөрдүн Кытай, Ислам дүйнөсү жана Русь менен болгон тарыхый байланыштарын биргелешип изилдөөгө чакырды.

Ошондой эле кыргыздар Евразиялык көчмөнчүлүктүн соңку мураскерлеринин бири экенин айтты.

Койчиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары байыркы көчмөндөрдүн руханий жана маданий мурасын жаңы мазмун менен кайра жаратып жатканын белгиледи.

Ал эми Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Эгемендүүлүк күнүндө айткан сөзүн мисал келтирип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары байыркы көчмөндөрдөн калган руханий жана маданий мурасты жаңы мазмун менен кайра жаратып жатканын белгиледи. “Көчмөндөр оюндары Евразия мейкиндигин байырлаган байыркы көчмөндөрдөн, байыркы гунндардан, байыркы кыргыздардан, байыркы түрктөрдөн, байыркы түргөштөрдөн жана башка байыркы көчмөн бабаларыбыздан мурасталып калган улуу маданий мурас. Мына ушул руханий жана маданий мурас бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу жаңы мазмун менен кайра жаралууда”, -деген президенттин сөзүн келтирди Койчиев.

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 152
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X